Окуялар
Бишкекте дайынсыз жоголгон өспүрүмдүн жансыз денеси табылды

Дайынсыз жоголгон Санжар Нурланов бүгүн каза болгон абалда табылды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Милициянын маалыматына ылайык, өспүрүмдүн сөөгүн кароо учурунда көзгө көрүнгөн дене жаракаттары аныкталган жок.
Бул факт каттоого алынып, өлүмдүн так себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Санжар Нурланов 4-апрелде дайынсыз жоголгон. Болжол менен саат 18:00 чамасында ал Шабдан Баатыр көчөсүндөгү үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. 6-апрелде анын апасы милицияга кайрылган.
Кайрылуудан кийин ориентировка борбор калаанын бардык милиция бөлүмдөрүнө таратылып, издөө иш-чаралары башталган.



