Коом
14-апрелде Бишкектин бир катар райондорунда суу өчөт

14-апрелде Бишкектин бир катар райондорунда ичүүчү суу берүү токтотулат.
Калаа мэриясы «Гагарин», «Юго-Западный» суу топтомолорунда жана шаардык суу түтүк тармактарында оңдоо иштери жүргүзүлөрүн маалымдады. Чектөө саат 09:00дөн 24:00гө чейин киргизилет.
Таза суу өчө турган аймактар:
Жумушчулар шаарчасы (Рабочий городок);
Ак-Өргө конушу;
Ак-Ордо конушу (Ахунбаев көчөсүнүн түндүк тарабы);
Теңир-Тоо конушу (Ахунбаев көчөсүнөн төмөн жагы);
Дыйканчылык институту.
Шаардагы Бакаев, Алтымышев, Гагарин, Алыкулов, Ахунбаев, 7-Апрель өңдүү бир катар ири көчөлөрдүн айрым бөлүктөрүндө суу болбойт.



