Пайдалуу кеңештер
Тамактан кийин дароо уктоо кооптуу

Гастроэнтеролог Александр Приказчиков тамактан кийин дароо уктоого болбой турганын айтты.
Дарыгердин айтымында, уктаардан 2–3 саат мурда тамактануу эң туура. Себеби, эгер адам тамак жегенден кийин дароо жатып калса, ашказандагы азык кайра кызыл өңгөчкө (пищевод) өтүп кетиши мүмкүн. Бул болсо анын жабыркашына, атүгүл жара (эрозия) пайда болушуна алып келет.
Мындан тышкары, тамактан кийин эң жакшысы — сейилдөө. Эгер сейилдөөгө мүмкүнчүлүк болбосо, жок дегенде жатып албоо керек, башкача айтканда, тик абалда болуу сунушталат.
Дарыгер белгилегендей, бул эреже жөн гана кечки тамакка эмес, бардык тамактанууга тиешелүү.



