Тарыхый «Артемида-2» Ай миссиясы ийгиликтүү аяктады

НАСАнын «Орион» космостук кемеси бортунда төрт астронавт менен Тынч океанынын, Калифорния жээгине жакын жерде ийгиликтүү сууга конду. Бул тууралуу Би-би-синин орус кызматы билдирди.
Сууга конуу пландалгандай, АКШнын батыш жээгинин жергиликтүү убактысы боюнча саат 17:08де (Гринвич убактысы боюнча 11-апрелде 00:08де) болгон.
Сууга конгондон кийин «Орион» кемесинин экипажы куткаруучулар менен спутниктик байланыш түзүүдө кыйынчылыктарга туш болгон. Натыйжада астронавттар аракеттерин Хьюстон шаарындагы учууларды башкаруу борбору аркылуу координациялашкан.
Бирок «Ориондун» өзү сууга конушу идеалдуу өтүп, НАСА аны «окуу китебиндегидей конуу» деп баалаган.
Төрт астронавттын абалы «абдан жакшы» экени маалымдалды.
«Артемида» миссиясына чейин Айдын айланасында болгону 24 адам учкан — булар 1969–1972-жылдары Айга барган «Аполлон» программасынын астронавттары эле. Эми Айды жакындан көргөн адамдардын саны 28ге жетти.



