Коом

Балыкчы шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү алдамчылыкка шектелип кармалды

Балыкчы шаарынын ИИБине Т.И. аттуу жаран арыз менен кайрылып, Балыкчы шаарында «Т» аттуу чала тааныш адамдан 2022-жылдын декабрь айында «БМВ» үлгүсүндөгү унаасын 300 0000 сомго сатып алганын, бирок ал адам эки жума өткөндөн кийин алдамчылык жол менен ишенимге кирип, саткан унаасын кайра алып кетип, же акчасын кайтарып бербей же унаасын бербей качып кеткенин билдирип, чара көрүүнү суранган.
Факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинде (алдамчылык) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.
Тергөөнүн жүрүшүндө ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери арыз ээсин алдап кеткен кишинин өздүгүн аныктап, ал Балыкчы шаарынын 1998-жылы туулган тургуну Т.Т. аттуу жаран болуп чыкты. ИИМдин маалыматына ылайык, ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ыкчам каттоодо турат.
ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам иликтөө иш-чаралардын жүрүшүндө 1998-жылы туулган Т.Т. аттуу жаран Бишкек шаарында кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда бул кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылып жатат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button