Коом

УКМК: Нарында “Йакын-Инкар” диний-экстремисттик уюмунун тарапташтары уюмдун мүчөлүгүнөн баш тартышты — ВИДЕО

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

2026-жылдын 13-апрелинде КР УКМК тарабынан Нарын шаарында расмий “Йакын-Инкар” ДЭУнун тарапташтарына карата түшүндүрүү жана алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргызстан мусулмандарынын дин өкүлдөрү катышуучуларга диний ажырымга жол бербөөнүн маанилүүлүгүн жеткиришип, ошондой эле коомдук ынтымакты сактоонун зарылдыгын белгилеп, ханафий масхабына негизделген салттуу исламды кармануунун маанисин түшүндүрүштү.

Мындан улам, “Йакын-Инкар” ДЭУнун тарапташтары аталган уюмдан өз ыктыяры менен баш тартып, ишенимдеринин зыяндуу жана ката экенин моюнга алып, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана жоболорун, Уламалар кеңешинин чечимдерин жана Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын талаптарын аткарууга даяр экендиктерин билдиришти

Тектеш кабарлар

Back to top button