Маданият

Бишкекте Create4 Design фестивалы өтөт

Бишкекте 25-апрелде креативдүү индустриялардын Create4 Design фестивалы өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.

Алардын айтымында, иш-чаранын негизги темасы — «Жасалма интеллект доорундагы дизайн». Фестиваль креативдүү экономиканы өнүктүрүүгө, дизайнды санариптик трансформациядагы ролуна, ошондой эле жаңы технологиялардын, анын ичинде жасалма интеллекттин, чыгармачылык процесстерге жана ага байланышкан тармактарга тийгизген таасирине арналат.

Талкуулардын борборунда Кыргызстандагы креативдүү индустрияларды өнүктүрүү маселеси турат. Аларга дизайн, архитектура, мода, кино жана видео өндүрүш, жарнама, программалык камсыздоо иштеп чыгуу жана башка багыттар кирет.

Уюштуруучулар белгилешкендей, креативдүү индустриялар өлкөнүн экономикасынын келечектүү тармактарынын бири катары каралат. Ал жаңы жумуш орундарын түзүүгө, кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттоого жана инновацияларды өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

Белгиленгендей, Create4 фестивалы 2022-жылы креативдүү экономиканы өнүктүрүү жана кесипкөй коомчулукту бириктирүү максатында платформа катары ишке киргизилген. Ошондон бери ал жыл сайын ар кандай форматта өтүп, кино, дизайн жана башка чыгармачыл тармактарды камтып келет.

Тектеш кабарлар

Back to top button