Исмаил Токобаев, коомдук ишмер: “Камчыбек Ташиевдин тоодой эмгеги эл журт, мамлекет үчүн”
Коомдук ишмер, пенсионер Исмаил Токобаев социалдык тармактагы баракчасына УКМК башчысы Камчыбек Ташиевдин азыркы жасап жаткан ишине баа берген пикирин жазды. Текстти өзгөртүүсүз беребиз:
“Негизи чындыкты бетке айткан жакшы.
Президент Жапаровдун жеңилин — жерден, оорун — колдон алып, колуна- кол, бутуна — бут болуп, ишин илгерилетип, бардык жактан жардам берип жаткан Камчыбек Кыдыршаев экендиги — бүгүнкү күндүн талашсыз чындыгы.
Азыркы тапта күч структурасында бир эле УКМКи мыкты иштеп жатат окшойт?
Башкы Прокуратура менен ИИМинин аты бар, заты жок эле органга айланып, эмне иш кылып жаткандарынын дайыны жоктой сезилет?
Сот системасы да оңолбос болду.
Кыскасы Камчыбек Кыдыршаевич жетектеген УКМКи болбогондо, элдин ичинде болуп көрбөгөндөй нааразычылыктар орун алмак экен?
Азыр Сот тутумдарына, Башкы Прокуратурага жана ИИМинин жүргүзүп жаткан иштерине нааразы болушкан жабырлануучулар, жарандар өтө эле көп?
Ошондуктан Президентибиз — Республикадагы Сот тутумдарын, Башкы Прокуратура менен ИИМин тыкыр карап, көзөмөлдү катуу жүргүзүп, алмаштырчуларды — алмаштырып, иштей турган мыкты кызматкерлерди алып келип, бир сыйра такалап койсо жакшы болмок.
Азыркы тапта Садыр Нургожоевичти — Садыр Нургожоевич кылып, ишин алга жылдырып жаткан — Камчыбек Кыдыршаевич экенин айтпай коюуга болбойт!
Мындай темп менен жүрүп олтурса, акыры бир мезгилде, Кудай аман- эсен койсо, Камчыбек Кыдыршаевичти — Эл — журт өздөрү эле, мөөнөтү келгенде Президент шайлап алышы мүмкүн.
Андыктан чындыкты айтсак, айрымдарыңар чычалабагыла, Эл- журт ишенгендей, ыраазы болгудай, мыйзам чегинен ашпай, кызмат абалдан кыянаттуу пайдаланбай, кызматтан пайдаланып, аша чапбай, акыйкаттуу, адилеттүү, калыс, мыйзамдуу иш жүргүзгүлө, чындыкты бурмалап, кимдир — бирөөлөрдү ак жеринен чыркыратпагыла демекчимин.
Кызмат менен акча — колдүн кири, жууса кетип калгандай, андыктан кызматта турганда эч нерсеге азгырылбай — чөнтөккө иштебей, кандайдыр бир кызыкчылыктарга азгырылбай, Элдин — журттун жыргалчылыгы үчүн иштеп, тарых барактарында жакшы ат, жакшы маанай менен калганга аракет жасагыла демекчимин!” – деп жазды Токобаев.



