Пайдалуу кеңештер
Помидорду сактоодо көп кетирилген ката

Шеф-повар Фернандо Каналес Эчанобе помидорду сактоодо көп кетирилген катаны айтып берди. Бул тууралуу El Confidencial басылмасы жазды.
Анын айтымында, көпчүлүк адамдар помидордун даамы жок болуп калуусун анын сапаты төмөн же жетиле электиги менен байланыштыршат. Бирок чындыгында маселе сатып алгандан кийинки туура эмес сактоодо жатат.
Ашпозчу белгилегендей, помидорду муздаткычка салбоо керек. Себеби төмөн температура анын даамын да, түзүлүшүн да бузат.
Эчанобе помидорду муздаткычтан тышкары, мисалы, жемиш салынган идиште сактоону сунуштайт. Ошондой эле ал үйгө келгенде бир жолуда жей тургандай гана көлөмдө сатып алууну кеңеш кылды.



