Коом

«Asman Airlines» авиакомпаниясы Бишкек — Ош каттамындагы учак боюнча түшүндүрмө берди

Asman Airlines авиакомпаниясы Бишкек — Ош каттамындагы учакта жүргүнчүлөрдү түйшөлткөн окуя эмнеден улам болгонун түшүндүрүп, билдирүү таратты.

Алардын айтымында, борттун ичиндеги абаны айдап, басымын жөндөп туруучу система иштеп кеткен.

Экипаж керектүү чараларды көрүп, учакты план менен төмөндөтө баштаган. Компания жүргүнчүлөргө кычкылтек жеткиликтүү болгонун жана баллондор пайдаланууга даяр турганын айткан.

«Система эмнеден улам иштеп кеткендигин, себептерин аныктай турган техникалык иликтөө башталды. Учак аман-эсен конду. Учуудан кийин жүргүнчүлөр жана экипаж мүчөлөрү үчүн эч кандай терс кесепеттер катталган жок. Стандарттык тейлөө процедураларынын алкагында учак кошумча текшерүүлөр жана зарыл оңдоолор үчүн убактылуу иштен чыгарылды. Жыйынтыгында кошумча маалымат берилет», — деп билдирди «Асман Эйрлайнс».

Авиакомпания ыңгайсыздыктар үчүн жүргүнчүлөрдөн кечирим сурады.

Эске салсак, Бишкектен Ошко учкан жүргүнчүлөр кычкылтек тартыш болуп, эс-учун жоготту деген окуя боюнча «Асман Эйрлайнс» компаниясы ички иликтөө баштап, учак азырынча каттамга чыкпай турган болгон.

Тектеш кабарлар

Back to top button