Аралаш мушташ боюнча ассоциация (ММА) түзүлүп, анын президенти болуп Жумгалбек Шабданбеков шайланды

Кыргызстанда Аралаш мушташ боюнча ассоциация (ММА) түзүлүп, анын президенти болуп Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Жумгалбек Шабданбеков шайланды.
Ассоциациядан билдиришкендей, мындай чечим 17-апрелде тиешелүү федерациялардын өкүлдөрү катышкан жыйында кабыл алынган. Жыйынды Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Урмат Асанбаев алып барды.Талкууга WEF GLOBAL MMA, GAMMA MMA, IMMAF Kyrgyzstan жана Улуттук ММА федерациясынын өкүлдөрү катышты. Алар өздөрүнүн иштеп чыгуулары, турнирлерди өткөрүү боюнча тажрыйбалары менен тааныштырып, өнүгүүнүн артыкчылыктарын белгилешти.
Жыйындын жыйынтыгында федерациялардын аракеттерин бирдиктүү ассоциациянын алкагында бириктирүү чечими кабыл алынды. Негизги максат – ММА боюнча бирдиктүү саясатты иштеп чыгуу, мелдештерди координациялоо, Кыргызстандын эл аралык аренадагы позициясын бекемдөө.Маалым болгондой, өлкөдө ММА боюнча турнирлер эми Спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин жана жаңы бирикменин уруксаты менен гана өткөрүлөт.
Вице-президенттикке төмөндөгүлөр шайланды:
Руслан Кыдырмышев (WEF GLOBAL MMA),
Бабур Төлбаев (ГАММА ММА),
Абдирашид Жолчубаев (Улуттук ММА федерациясы),
Ырыскелди Нарбаев (IMMAF Кыргызстан).
Башкы катчылыкка Эмил Токтогонов дайындалды.



