Маданият

Гулназ Чыныбек кызы Африкада клип тартты ВИДЕО

Бул тууралуу ырчы социалдык тармактагы баракчасына бөлүштү.

Анын айтымында, клип Кыргыз маданиятында жаңы тарых жараткан эмгек болот.

«Сүйүнчүүү! “Аттиң ай”дын клиби даяр болду! Жана менин Ютуб каналымда презентацияга коюлду!
Буйруса, 19:00дө онлайн трансляцияда сиздерге тартууланат. Баарыңыздарды онлайн көрүүгө чакырам. Албетте, жакты баскычын басып, жылуу пикирлерди калтырганды унутпаңыздар.
Биз болсо бул жакта @morioxkidsacademy менен биргеликте онлайн көрөбүз.
Кыргыз маданиятында жаңы тарых жараткан эмгек болуп, сиздерге жагат деген ниеттемин!», — деп жазды.

Маалым болгондой, ырчы Африкага барып, Moriox Kids тобунун балдары менен жолугушуп, өзү менен Кыргыздын улуттук даамы сүмөлөк жана боорсок ала барганын айткан.

Буга чейин аталган африкалык бийчи балдар жана кыздар Гүлназ Чыныбек кызынын аткаруусундагы «Аттин ай», «Ак Орго Сити» тобунун «Дык-Кын-Дыш» жана «Кара Жорго» ырларына бийлеп видеолорду тартышкан. Мындан тышкары, алар башка дагы бир катар кыргыз ырларына видео тартышкан.

Тектеш кабарлар

Back to top button