Саясат

Эксперт Бакыт Жумагулов: Коңшу өлкөлөргө да суу беришибиз керек, алардан алган жардамдарды унутпайлы

Эксперт Бакыт Жумагулов  Кыргызстан коңшу өлкөлөргө берилип жаткан суу тууралуу жеке пикирин коомчулукка  билдирди.

“Президент Садыр Жапаров суу маселеси боюнча “кошуна өлкөлөрдү  да ойлошубуз керек” деди. Аны түшүнбөгөндөр да бар экен.  Кошуналарга суу бербей эле кыштан чыксак болбойбу дегендер четтен чыкты. Жок, болбойт деп айтат элем. Анткени кошуна өлкөлөр менен эриш-аркак иш кылбасак, жалгыз эле суубуз менен жашап кете албайбыз. Ошол эле кошуна өлкөлөр Казакстан, Өзбекстан мамлекеттеринен биз буудай, ун жана башка тамак-аштарды илгертен бери алып турабыз. Сатып да алабыз, гум жардам катары да алып келе жатабыз. Ошол суубузду бергенибиз үчүн алар бизге буудай менен унду грант түрүндө да берип келе жатышат. Анткени тилекке каршы, биз буудай, ун, газ, мунай менен өзүбүздү өзүбүз толук камсыз кыла албайбыз. Мисалы, быйыл эле Казакстан 10 миң тонна унду грант түрүндө берди.

Мындан тышкары биз эки өлкө аркылуу транзит менен дүйнөлүк рынокко чыгабыз. Соода-сатык, карым-катнаштарыбыз дагы тыгыз байланышкан. Ошол үчүн  чолок акылдык кылып, президент кошуналарды коюп, өз элин ойлосун дегендерге, мурдунун учунан алысты көрө албагандарга тиешелүү айтып жатам. Президент өз элин ойлогон үчүн мурдакыларга окшоп электро энергияны 5 сомдон албай, 2 сомдон алып жатканына рахмат айтышыбыз керек», — деди Бакыт Жумагулов.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button