Окуялар

Токмокто окуучуну зордуктоого шектелген мугалим жумуштан алынды

Токмок шаарындагы мектепте окуучуну зордуктоого шектелген мугалим жумуштан бошотулду. Бул тууралуу шаардык билим берүү бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, А.А. ушул эле мектептин бүтүрүүчүсү болуп саналат, жакшы окуган, орто кесиптик билимге ээ.

«Ал жумушка 2025-жылдын октябрында катчы болуп кабыл алынган. 2026-жылдын январында квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо курстарынан өткөн. Информатика жана математика сабактарын берүүгө мүмкүнчүлүгү бар болчу. Мектеп администрациясы кадр жетишсиздигине байланыштуу ага математика жана физика сабактарынан саат берген. Акыркы бир нече айда ал кошумча түрдө 7–8-класстарга физика сабагынан өтүп келген», — деп билдиришти.

Анын сабактарын башка мугалимдер алмаштырары айтылды.

Окуядан кийин мектептин директору ооруп, учурда эмгекке жарамсыздык баракчасында (больничныйда) экени белгиленди.

Тергөө иштери уланууда.

Эске салсак, буга чейин Токмок шаарында мугалим 13 жаштагы окуучуну зордуктоого шектелип жатканы тууралуу кабарланган.

Тектеш кабарлар

Back to top button