Коом
21-апрелге карата аба ырайы

21-апрель, шейшемби күнү, Чүй, Талас, Баткен облустарынан башка аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +22…+27, Талас аймагында +21…+23, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +22…+27, Ысык-Көл жергесинде +13…+18, Нарын өрөөнүндө +17…+22 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +24…+26, Ош шаарында +23…+25 градуска чейин көтөрүлөт.



