Коом

Борбор калаада асылып турган интернет кабелдерин демонтаждоо иштери башталды

Биринчи Май районунда асылып турган интернет кабелдерин демонтаждоо иштери башталды. Жергиликтүү администрациянын маалыматы боюнча, «Бишкексвет» муниципалдык ишканасы орнотуу эрежелерине туура келбеген зымдарды аныктоо боюнча рейд жүргүзүүдө.

Адистер негизинен жолдун үстүнөн жана тротуарлардын үстүнөн өтүп, салбырап турган кабелдерге, ошондой эле шаардын көркүн бузган тармактарга көңүл бурушууда.

Белгиленгендей, эрежелерди бузуу менен тартылган бардык зымдар алынат.
Провайдерлерге аба аркылуу тартылган линияларды жер алдындагы коммуникацияларга өткөрүү зарылдыгы тууралуу тиешелүү эскертүүлөр жөнөтүлдү.

Борбор калаада тартип орнотуу иштери ШКУ саммитине жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүүнүн алкагында жүргүзүлүүдө.

Тектеш кабарлар

Back to top button