Дүйнө

OpenAI жасалма интеллекттин жаңы модели — GPT-5.5ти чыгарды

OpenAI 23-апрелде генеративдик жасалма интеллекттин жаңы модели — GPT-5.5ти тааныштырды.

Компаниянын айтымында, бул модель «чыныгы иш жана агенттерди башкаруу үчүн жаңы деңгээлдеги интеллектке» ээ.

Ал татаал тапшырмаларды түшүнүүгө, куралдарды колдонууга, өзүнүн жыйынтыгын текшерүүгө жана көбүрөөк иштерди аягына чыгарууга багытталган. Жаңы мүмкүнчүлүктөр ChatGPT жана Codex ичинде жеткиликтүү.

OpenAI билдиргендей, GPT-5.5 код жазууда жана оңдоодо, онлайн изилдөөлөрдө, маалыматтарды талдоодо, документтерди жана электрондук таблицаларды түзүүдө, программалык камсыздоону башкарууда
жогорку натыйжа көрсөтөт.

Ошондой эле компания бул модель азырынча ChatGPT жана Codex платформаларынын акы төлөнүүчү колдонуучулары үчүн жеткиликтүү экенин билдирди.

Эске салсак, мурунку GPT-5.4 модели 2026-жылдын 5-мартында чыгарылган жана ал да профессионалдык иштер үчүн эффективдүү деп бааланган.

Тектеш кабарлар

Back to top button