Бишкекте милиция кызматкери Чоң Чүй каналына секирген кызды куткарып калды

Бишкекте патрулдук милициянын кызматкери Чоң Чүй каналына секирген кызды куткарып калды. Бул тууралуу Патрулдук милиция башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 4-май күнү саат 20:30 чамасында «102» кызматына Шабдан Баатыр проспектиси менен Ауэзов көчөсүнүн кесилишинде өз жанын кыюуга аракет жасоо тууралуу билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге Патрулдук милициянын кызматкерлери барышкан.
Жерине барганда милиция кызматкерлери кыз сууга секирүүгө камынып жатканын аныкташкан. Көрүлгөн чараларга карабастан, ал каналга секирген. Ошол замат кызматкерлердин бири анын артынан сууга секирип, кызды алып чыгып, өмүрүн сактап калган.
Окуянын себептери такталууда. Алдын ала маалыматтарга караганда, кыз бул кадамга үй-бүлөлүк көйгөйлөрдөн улам барышы мүмкүн.



