Россия менен Украина Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин урматына ок атышууга тыныгуу берет

Россиянын Коргоо министрлиги президент Путиндин чечими менен 8-9 майда Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин урматына Украина менен ок атышуу токтотуларын билдирди.
«Украина тарап бул үлгүнү карманат деп үмүттөнөбүз», — деп баса белгиледи Орусиянын Коргоо министрлиги. Бирок, эгер Украина Жеңиш күнүн майрамдоого тоскоолдук кылса, орус күчтөрү Киевдин борборуна массалык ракеталык сокку урушу мүмкүн экендиги да эскертилди.
Украина президенти Зеленский бул билдирүүдөн кийин 6 майдан баштап «тыныгуу режимин» жарыялап, адам өмүрү мааракени майрамдоодон кыйла маанилүү экенин белгиледи.
«Биз адам өмүрүн кандайдыр бир мааракени “майрамдоодон” алда канча жогору баалуулук деп эсептейбиз. Ошондуктан 5-майдан 6-майга караган түнкү саат 00:00дөн тарта тынчтык режимин жарыялайбыз. <…> Белгиленген учурдан тарта биз да дал ошондой жооп кайтарабыз. Эгерде Россиянын Коргоо министрлиги Москвада парадды Украинанын жакшы ниетисиз өткөрө албай турганын айтып жатса, анда орус жетекчилери согушту токтотуу үчүн чыныгы кадамдарды жасоого убакыт келди», — деп жазды Зеленский Telegram баракчасына.



