Улуттук олимпиада комитетинин президенти болуп Айваз Оморканов шайланды

Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетинин президенти болуп Айваз Оморканов шайланды. Ал 29 жашында бул спорттук уюмдун тарыхындагы эң жаш жетекчи болду.
Шайлоо кечээ өттү. Президенттик кызматка ошондой эле Эльмурза Сатыбалдиев жана Нурдин Букуев талапкерлигин койгон. Бирок алар добуш берүүнүн алдында талапкерлигин алып салышкандыктан, жыйынтыгында Айваз Оморканов жалгыз талапкер болуп калды.
Айваз Оморканов Кыргызстандын хоккей федерациясынын вице-президенти жана Эл аралык хоккей федерациясынын кеңешинин мүчөсү болуп саналат. Ал 2021-жылы IIHF уюмунун тарыхындагы эң жаш вице-президент болгон.
Башкаруучулук ишмердүүлүгүнөн тышкары, Оморканов профессионал триатлет катары да белгилүү. Ал триатлон, дуатлон жана акватлон боюнча Кыргызстандын чемпиону, ошондой эле Ironman жарыштарынын жеңүүчүсү жана байге ээси.



