Садыр Жапаров Бишкектин түндүгүндө жайгашкан Ала-Арча суу сактагычына барды

Бүгүн, 13-майда, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Бишкектин түндүгүндө жайгашкан Ала-Арча суу сактагычына барды. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди.
Мамлекет башчысы кайык менен сейилдеп, андан соң тиешелүү мамлекеттик органдарга жарандар жана туристтер үчүн шарт түзүү боюнча тапшырма берди.
Ал акыркы убакта суу сактагычтагы “чөгүп жаткан токойду” көрүү үчүн туристтер көп келе баштаганын белгиледи. Бул — суунун көлөмү көбөйгөндөн кийин убактылуу суу алдында калган бак-дарактар. Аймак айрыкча сапборд сүйүүчүлөрүнүн көңүлүн бурууда.
Маалыматка ылайык, келечекте бул жер ири туристтик багыттардын бирине айланышы күтүлүүдө. Бул аймакта каркастуу үйлөр, ресторандар жана жөө адамдар үчүн жолдор курулат.
Маалымат үчүн:
Ала-Арча суу сактагычы Ала-Арча дарыясында, Чүй дарыясынын бассейнинде жайгашкан. Деңиз деңгээлинен бийиктиги — 687 метр. Административдик жактан Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Гроздь айыл аймагына кирет.
Суу сактагыч Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекттеринин тизмесине кирип, “Б” категориясындагы маанилүү объект болуп эсептелет. Ошондой эле ал балык чарбачылыгы жана сугат багытындагы суу объектиси катары пайдаланылат.
Суу сактагыч эки бөлүктөн турат.
Төмөнкү Ала-Арча толтуруучу суу сактагычы 1965-жылы пайдаланууга берилген. Ал Батыш Чоң Чүй каналы аркылуу суу менен толтурулат.



