Адис кан басымы жогору болгон инфаркттын алдын алуу эрежелерин атады

Кардиолог Брайан Уильямс кан басымы жогору болгондо инфаркттын алдын алуу үчүн эң маанилүү эрежелерди атады. Анын кеңештерин Daily Mail басылмасы жарыялады.
Дарыгердин айтымында, жогорку кан басым дайыма эле адамга ыңгайсыздык жаратпайт. Көпчүлүк адамдар кан басымы көп жылдар бою жогору болуп жүргөнүн инфаркт болгондон кийин гана билишет.
Ошондуктан Брайан Уильямс инфаркттын алдын алуунун эң негизги жолу катары кан басымды үзгүлтүксүз текшерип турууну атады. Ал белгилер жок болсо жылына бир жолу, ал эми жүрөк оорусунун коркунучу жогору болсо күн сайын текшерүүнү сунуштады.
Кардиолог кан басым жогору болгондо орточо физикалык көнүгүүлөрдөн баш тартуунун кереги жок экенин, бирок тамактанууну оңдоо пайдалуу болорун айтты. Айрыкча күн сайын кеминде беш порция жашылча-жемиш жеп, рационго сүт азыктарын кошууну сунуштады. Анын айтымында, сүт азыктарындагы пайдалуу заттардын айкалышы кан басымды төмөндөтүүгө жардам берет.
Мындан тышкары, дарыгер ашыкча салмак жүрөк үчүн олуттуу коркунуч жаратарын белгиледи. Бирок дене салмагынын жок дегенде 10 пайызын азайтуу оор илдеттердин коркунучун төмөндөтөт.
Ошондой эле Брайан Уильямс дарыгер жазып берген дарыларды, абал жакшы сезилип турса да, калтырбай ичүү керектигин эскертти.



