Коом

27-майда Курман айтта калкты тейлөө борборлору иштебейт

27-майда Курман айт майрамына байланыштуу Кыргыз Республикасы боюнча калкты тейлөө борборлору (ККБ) иштебей турганын “Кызмат” мамлекеттик мекемеси билдирди.

Жарандардын убактысын үнөмдөө максатында керектүү мамлекеттик кызматтарды алдын ала алуу же санариптик сервистерди колдонуу сунушталат.

28-майдан тарта бардык КТБлар кадимки тартипте ишин улантат.

Эске салсак, көптөгөн мамлекеттик кызматтарды «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу онлайн алууга болот. Бул жарандарга КТБга барбастан, кызматтарды аралыктан пайдаланууга мүмкүнчүлүк түзөт.

Тиркемеде төмөнкү кызматтар жеткиликтүү:

• электрондук кезекке жазылуу;

  • ID-карта жана чет өлкөлүк паспорт алуу;
  • электрондук кол тамга алуу;
  • жашаган жери боюнча онлайн каттоо;
  • фамилияны, атты жана атасынын атын өзгөртүү;
  • күбөлүктөрдү алуу жана кайра берүү;
  • маалымкаттар менен көчүрмөлөрдү онлайн алуу.

«Кызмат» мамлекеттик мекемеси жарандарды КТБга барууну алдын ала пландап, санариптик кызматтарды активдүү колдонууга чакырат.

Тектеш кабарлар

Back to top button