Коом

«Бишкек» ЭЭАда санитардык-гигиеналык продукцияларды өндүрүүчү уникалдуу завод ачылды

«Бишкек» ЭЭАсынын аймагында балдардын жалаяктарын жана санитардык-гигиеналык продукцияларды өндүрүүгө адистешкен «Бренд КГ» ЖЧКсынын жаңы ишканасы ачылды. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, бул Кыргызстандагы ушул деңгээлдеги жалгыз өндүрүшчү ишкана болуп саналат.

Ачылыш аземине мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү жана өнөктөш уюмдар катышты. Конокторго ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу, технологиялык процесстери жана чыгарылган продукциялары тааныштырылды.

«Бишкек» ЭЭАсынын аймагында 2026-жылдагы экинчи өндүрүш ишканасынын ачылышы Кыргызстандын өнөр жай секторун өнүктүрүүдөгү дагы бир маанилүү кадам болуп саналат.

«Бишкек» ЭЭАсы инвестицияларды тартуу, өндүрүштүк демилгелерди колдоо жана экспортко багытталган ишканаларды өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүнү улантып, Кыргыз Республикасынын туруктуу экономикалык өнүгүшүнө өз салымын кошууда

Тектеш кабарлар

Back to top button