Коом

Чек ара пункттарында товарларды импорттоодо 70 эреже бузуу аныкталды

2023-жылы чек арадагы ветеринардык көзөмөл пункттарында товарларды импорттоодо 70 эреже бузуу аныкталган. Бул тууралуу Ветеринардык кызматтын директорунун орун басары Бакыт Шарапов маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, актылар түзүлүп, товар кайра кайтарылган.

Казакстанга 54, Өзбекстанга 15, Кытайга бир кайтаруу актысы түзүлгөн.

Республика боюнча жалпы 29 ветеринардык көзөмөл пункту бар, алардын ичинен 18 пункт мамлекеттик чек арада жайгашкан, ошондой эле төрт убактылуу сактоо пункту бар. Дагы бешөөсү темир жол вокзалдарында жана экөөсү эл аралык аэропорттордо.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button