Пайдалуу кеңештер
Адис организмде темир жетишсиздигинин кооптуу белгилерин атады

Нутрициолог Анна Педорич организмге темир жетишсиздигинин кооптуу белгилери тууралуу айтып берди.
Анын айтымында, организмде темир азайганда адам көбүнчө физикалык жактан чарчоону сезет: дене алсырап, чыдамкайлык төмөндөйт, жөнөкөй күнүмдүк иштерди аткаруу да оор болуп калат.
Мындан тышкары, демигүү, баш айлануу жана теринин кубарышы сыяктуу белгилер пайда болушу мүмкүн.
Адис ошондой эле темир жетишсиздигинде узак уктоо дагы организмди толук калыбына келтирбей турганын белгиледи.
Анын сөзүнө караганда, темир жетишсиздиги адатта акырындык менен өнүгөт. Организм абал начарлай электе эле белгилерди бере баштайт, бирок көпчүлүк адамдар муну кадимки чарчоо катары кабыл алышат.


