Коом

ЭЛТР телеканалы Кытайдын Сычуань телерадио берүү компаниясы менен кызматташууда

ЭЛТР Мамлекеттик телерадио компаниясы Сычуань Эл аралык коммуникация жана телерадиоберүү корпорациясы менен кызматташууда.

Бул тууралуу ЭЛТР телеканалынан маалымдашты.

Маалыматта айтылгандай, Кытайдын батыш аймагындагы эң таасирдүү жана күчтүү деп саналган  провинциялык маанидеги медиа мекеменин  имаратында  14 теле студия, 15 радиостудия жайгашкан жана  9 радио жыштык, 9 телекомпанияда 3000ден ашуун кызматкер иш алып барышат.

2026-жылдын май айынын акыркы жумасында ЭлТР мамлекеттик телерадио берүү компаниясынын башкы директорунун орун басары Нуркамал Асканованын жетекчилигинде үч кишиден турган делегация аталган корпорациянын ишмердиги менен таанышып,  Кыргызстан-Кытай жаштарын бириктирген маданий гуманитардык иш чарага катышып келишти. Иш чара  материалдык эмес маданий мурас жаатында тажрыйба топтоо жана көндүмдөрдү калыптандырууга багытталып, экскурсиялар аркылуу  жаратылышты коргоо, био ар түрдүүлүктү сактоо, экосистеманы изилдөө жана экологиялык аң-сезимди өнүктүрүү сыяктуу жалпы адамзат үчүн маанилүү маселелердин айланасында талкуулар уюштурулуп, сунуштар берилди.  

Иш чаранын бир жумалык программасына киргизилген дүйнөдөгү эң байыркы дамбасыз сугат системасы, дүйнөлүк жаратылыш мурасынын символу болгон  сүйкүмдүү пандалар менен көрүшүү, Кытай элинин бир бөлүгүн түзгөн аз сандуу калктардын маданияты, тарыхы, каада салты менен таанышуу, Жоэргай саздак жерлериндеги сейрек кездешүүчү жаныбарлардын коругу —  булардын баары сапардын эң маанилүү жана кызыктуу бөлүктөрү катары эсте калды.

Иш чаранын жыйынтыгы – бийик тоолордун фонунда  эки элдин достугун, маданий жакындыгын жана келечекке болгон жалпы жоопкерчилигин чыңдаган кыргыз-кытай жаштарынын концерти о.э. Кыргызстандын сыймыгы, биздин тоолордун керемет жаныбары Ак илбирс жана  Сычуандын байлыгы  Панданын  коштоосунда жаштардын жаратылышты коргоого болгон биргелешкен умтулуусунун маанилүү бөлүгү болуп калды.

Тектеш кабарлар

Back to top button