Баткенде логистикалык борбор курулат

Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков «Баткен мөмө-жемиш кластеринин» долбоору менен таанышты. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Баткен районунда жайгаша турган борбор 187 гектар аянтты камтыйт.
Долбоор деградацияланган жерлерди өздөштүрүүгө, органикалык өндүрүштү өнүктүрүүгө жана заманбап агротехнологияларды киргизүүгө багытталган. Анын алкагында логистикалык борбор, муздаткыч кампалар, кайра иштетүүчү объекттер жана тамчылатып сугаруу системалары курулат.
Долбоор мөмө-жемиш өндүрүшүн көбөйтүү, экспортту өнүктүрүү жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө мүмкүнчүлүк берет.



