Окуялар

Индияда мейманканадагы өрттөн үч кыргызстандык каза болду

Индиядагы мейманканалардын биринде чыккан өрттүн кесепетинен Кыргызстандын үч жараны каза болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Өрт 3-июнда Нью-Дели шаарынын Мальвия Нагар районунда жайгашкан Florist Inn мейманканасында чыккан. Кырсыктын кесепетинен жалпысынан 21 адам көз жумган. Алардын арасында Кыргызстандын үч жараны — Х.Н. (1976-жылы туулган), Т.Х. (2003-жылы туулган) жана К.М. (1950-жылы туулган) болгон.

Индиянын тиешелүү органдарынын маалыматына ылайык, мейманканада жашаган чет элдик жарандардын көпчүлүгү Нью-Делидеги медициналык мекемелерден дарылануу үчүн келишкен.

Кыргызстандын Индиядагы элчилиги индиялык бийлик өкүлдөрү жана каза болгондордун жакындары менен байланышта болуп, зарыл болгон консулдук жардам көрсөтүүдө.

Учурда каза болгон кыргызстандыктардын сөөгүн мекенине жеткирүү жана тиешелүү документтерди тариздөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Тектеш кабарлар

Back to top button