Индияда өрттөн каза болгондор боор алмаштыруу үчүн барышкан

Индиядагы өрттөн каза болгон үч кыргызстандык бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү болгон. Бул тууралуу элчи Аскар Бешимов билдирди.
Элчинин айтымында, алар Индияга боор алмаштыруу операциясы үчүн барып, эки айдан бери дарыланып жатышкан. Каза болгондор 50 жаштагы аял, ага донор болгон 23 жаштагы уулу жана экөөнү караш үчүн барган аялдын 76 жаштагы энеси болгон.
«Операция жасалган. Дарыланып бүтүп, бир жуманын ичинде мекенине кайтышмак экен. Учурда окуяны полиция териштирип жатат. Тиешелүү органдар уруксат бериши керек. Ошол багытта иштер жүрүүдө. Туугандары менен байланыштабыз. Сөөктөрдү мекенге алып келүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатат», — деди Бешимов.
Эске салсак, кечээ Нью-Дели шаарында мейманканада чыккан өрттөн 21 адам набыт болуп, арасында Кыргызстандын үч жараны болгон.



