Соттук-эксперттик кызматы Соттук эксперттер палатасынын ортосунда кызматтык Меморандумга кол коюшту

Соттук эксперт күнүндө КР Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматы менен КР Соттук эксперттер палатасынын ортосунда кызматташтык жөнүндө Меморандумга кол коюлду.

Бүгүн, 4-июнда, КР Соттук эксперт күнүндө КР Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматы менен КР Соттук эксперттер палатасынын ортосунда кызматташтык жөнүндө Меморандумга кол коюу аземи болуп өттү.

СЭКнын төрагасы Т. Кожонов мамлекеттик жана жеке соттук эксперттерди кесиптик майрамы менен куттуктап, укук коргоо жана сот органдары тарабынан процессуалдык чечимдерди кабыл алууда мыйзамдуулукту, адилеттикти жана объективдүүлүктү камсыздоого кошкон зор салымын белгиледи.
Иш-чаранын жүрүшүндө, соттук эксперттер палатасынын түзүлүшү Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан 2025-жылдын 8-августунда кол коюлган «Соттук-эксперттик ишмердүүлүк жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизги жаңылыктарынын бири болгондугу баса белгиленди.

2026-жылдын 20-февралында мыйзамдын жоболорун ишке ашыруунун алкагында КР Соттук эксперттеринин Биринчи курултайы болуп өттү, анын жыйынтыгында Соттук эксперттер палатасы түзүлдү. Учурда Палата мамлекеттик каттоодон өтүп, көз карандысыз кесиптик уюм катары иш алып барууда.

Т. Кожоновдун айтымында, Меморандумга кол коюу мамлекеттик жана жеке соттук эксперттердин ортосундагы мындан аркы конструктивдүү өз ара аракеттенүү үчүн бекем негиз болот.
Документ соттук-эксперттик ишмердүүлүктү өркүндөтүү, эксперттердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу, илимий-методикалык базаны чыңдоо, заманбап эксперттик методикаларды киргизүү, ошондой эле адистерди даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу системасын өнүктүрүү маселелеринде кызматташтыкты өнүктүрүүнү карайт.



