Судьяларга пара берүү шылтоосу менен алдамчылыкка шектелип жактоочу кармалды

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшүндө жаран К.Н.Б. жана адвокат К.Д.Д. камактагы айыпталуучу К.Ж. боюнча бөгөт чарасын эркинен ажыратуу менен байланышпаган чарага өзгөртүү жана соттон актоо өкүмүн чыгарууга көмөк көрсөтөбүз деген шылтоо менен анын тууганы Ж.А. уулунан 300 миң АКШ долларын (26 млн 235 миң сом) талап кылышканын аныктаган.
2026-жылдын 4-июнунда жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында УКМК кызматкерлери К.Н.Б. менен К.Д.Д.ны акча каражатынын бир бөлүгүн алып жаткан учурда кармашкан. Алардан мыйзамсыз алынган акчанын бир бөлүгү табылып, алынган.
Мындан тышкары, аталган факт боюнча Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан жактоочу К.Д.Д.га карата дагы өзүнчө кылмыш иши козголду.

Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелген К.Н.Б. жана К.Д.Д. Кыргыз Республикасынын УКМКсынын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.



