Окуялар

Сүлүктү шаарындагы шахтада эки адам каза болду

Баткен облусунун Сүлүктү шаарында шахтада эки адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, «Өсөр» шахтасында газ чыгып, 23 жана 66 жаштагы эки кенчи ууланган.

ӨКМдин тоо-кен куткаруучулары окуя болгон жерге барып, шахтанын ичинен эки жумушчуну алып чыгышкан. Бирок дарыгерлер алардын газга ууланып каза болгонун аныкташкан.

Учурда кырсыктын себептери такталууда.

ӨКМ жыл башынан бери Баткенде шахталарда беш киши газга ууланып көз жумганын белгиледи.

Тектеш кабарлар

Back to top button