Коом

Энергетика тармагына 41 атайын техника тапшырылды

Энергетика тармагынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында 41 жаңы атайын техникатапшырылдыи. Бул тууралуу Энергетика министрлиги кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, техникаларды тапшыруу аземине министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков жана энергетика министри Таалайбек Ибраев катышты.

Заманбап унаалар «Кыргызстан улуттук электр тармактары» ААКтын өздүк каражатынын эсебинен 181,6 млн сомго сатып алынган.

Белгиленгендей, аталган техникалар өлкө боюнча бардык электр тармактары ишканаларына бөлүштүрүлүп берилет. техникалардын арасында жүктөгүч-экскаваторлор, автовышкалар, оор жүк ташуучу тягачтар, чиркегичтер жана бригадалык унаалар бар.

Тектеш кабарлар

Back to top button