Коом
ӨКМ: Шашылыш билдирүү, сел жүрүшү мүмкүн

9-июндан 12-июнга чейин нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу аймактарында сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматта айтылгандай, бул күндөрү аба ырайы туруксуз болуп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
Белгилей кетсек, май айынын соңунан бери өлкө боюнча жер-жерлерде кыян жүрүүдө. Айрым аймактарда өзгөчө кырдаал режими киргизилген.



