Коом

Инвестициялар боюнча улуттук агенттик кытайлык SL Gemini Energy компаниясы менен долбоорлорду талкуулады

Бүгүн, 9-июнда, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Shuangliang Group түзүмүнө кирген кытайлык энергетикалык SL Gemini Energy Co., Ltd. компаниясынын делегациясы менен жолугушту.

Тараптар кайра жаралуучу энергия долбоорлоруна инвестиция тартуу жана Кыргызстандын жылуулук менен камсыздоо системаларын модернизациялоо боюнча  мүмкүнчүлүктөрдү талкуулашты. Улуттук агенттиктин өкүлдөрү өлкөнүн инвестициялык климаты, жашыл экономика тармагындагы долбоорлорду колдоо чаралары жана инвесторлордун укуктарын коргоо механизмдери тууралуу маалыматтар менен бөлүшүштү.

«Кыргызстан таза энергетика тармагында чоң потенциалга ээ. Биз заманбап технологияларды киргизүүгө жана узак мөөнөттүү долбоорлорду ишке ашырууга даяр болгон инвесторлорду тартууга кызыкдарбыз. Улуттук агенттик өз ара пайдалуу демилгелерди ишке ашырууда зарыл болгон колдоо көрсөтүүгө даяр», — деп белгиледи Равшанбек Сабиров.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташуунун мүмкүн болгон багыттарын мындан ары иштеп чыгууну жана потенциалдуу долбоорлордун параметрлерин изилдөөнү улантуу боюнча макулдашышты.

Тектеш кабарлар

Back to top button