Коом

2025-жылдан тартып Россиянын аймагында милдеттүү түрдө маркаланууга тийиш болгон товарлар тизмеси

Мамлекеттик салык кызматы 2025-жылдын 1-мартынан тартып Россия Федерациясынын аймагында милдеттүү түрдө маркаланууга тийиш болгон жеңил өнөр жай товарларынын тизмеси жаңы позициялар менен кеңейтилээрин маалымдайт.

Ата мекендик экспорттоочулар жана өндүрүүчүлөр аталган жеңил өнөр жай товарларын маркалоосу зарыл.

Жаңы товардык топтор үчүн маркалоонун коддорун алуу үчүн Кыргыз Республикасынын товарларын маркалоонун жана көзөмөлдөөнүн Улуттук оператору «Альфа Телеком» ЖАКка кайрылуу керек.

Main.teksher.kg сайтындагы «Текшер» маалыматтык системасы аркылуу маркалоо оператору менен келишим түзүп, продукцияны товарлар каталогуна каттоо керек.

Алынган маркалоо коддору продукциянын көрсөтүлгөн түрлөрүн Россия Федерациясына экспорттоого мүмкүндүк берет.

Маркалоо коддорун алуу жөнүндө толук маалыматты main.teksher.kg сайтынан же 0999 333 999 номери аркылуу алууга болот.

ТЭИ ТНПродукциянын аталышы
4203 21 000 04203 29Табигый же композициялык териден жасалган мээлейлер, кол каптар жана башы ачык мээлейлер
6107Дамбалдар, ич кийимдер, ич көйнөктөр, пижамалар, жуунуучу халаттар, үй халаттары жана ушул сыяктуу машинада же колго токулган эркектер же балдар үчүн трикотаж буюмдары
6108Комбинациялар, ички юбкалар, ич кийимдер, ыштандар, ич көйнөктөр, пижамалар, пеньюарлар, жуунуучу халаттар, үй халаттары жана ушул сыяктуу машинада же колго токулган аялдар же кыздар үчүн трикотаж буюмдары
6109Машинада же колго токулган трикотаж майкалар, жеңдүү фуфайкалар жана башка ички фуфайкалар
6111Машинада же колго токулган балдардын кийимдери жана балдардын кийимдерине керектүү буюмдар
6112 31Синтетикалык жиптен машинада же колго токулган эркектер жана балдар үчүн сууга түшүүчү кийимдер
6112 39Башка текстиль материалдарынан машинада же колго токулган эркектер же балдар үчүн сууга түшүүчү кийимдер
6112 41Синтетикалык жиптерден машинада же колго токулган аялдар же кыздар үчүн сууга түшүүчү костюмдар
6112 49Башка текстиль материалдарынан машинада же колго токулган аялдар же кыздар үчүн сууга түшүүчү костюмдар
6115Машинада же колго токулган трикотаж колготкилер, байпактар, узун байпактар, байпактар жана подследниктер жана башка байпак буюмдары, анын ичинде бөлүштүрүлгөн басымы бар компрессиялык байпактар (мисалы, тамырдын варикоздук кеңейүүсүнөн жапа чеккендер үчүн байпак) жана таманы жок бут кийимдер
6116Машинада же колго токулган кол каптар, мээлейлер жана башы ачык мээлейлер
6114Машинада же колго токулган башка трикотаж кийимдер
6117 10 000 0Шалы, моюн орогуч, кашне, мантильялар, вуаль жана ушул сыяктуу машинада же колго токулган трикотаж буюмдар
6117 80 100 9,6117 80 800 9Машинада же колго токулган трикотаж кийимге керектүү даяр башка буюмдар
6117 80 800 1Машинада же колго токулган галстуктар, көпөлөк галстуктар жана моюн орогучтар
6207Майкалар жана ички фуфайкалар, кальсондор, ич кийимдер, түнкү көйнөк, пижама, жуунуучу халаттар, үй халаттары жана ага окшош эркектер же балдар үчүн буюмдар
6208Майкалар жана кийилүүчү фуфайкалар, комбинациялар, ички юбкалар, ич кийимдер, панталондор, ич көйнөктөр, пижамалар, пеньюарлар, жуунуучу халаттар, үй халаттары жана ушул сыяктуу аялдар үчүн же кыздар үчүн буюмдар
6209Балдардын кийимдери жана балдардын кийимдерине керектүү буюмдар
6211 11 000 0Эркектер же балдар үчүн башка сууга түшүүчү костюмдар
6211 12 000 0Аялдар же кыздар үчүн башка сууга түшүүчү костюмдар
6212Бюстгальтерлер, курлар, корсеттер, шым тарткычтар, байлагычтар жана ушуга окшош машинада же колго токулган трикотаж эмес буюмдар
6213Жоолуктар
6216 00 000 0Мээлейлер, кол каптар жана башы ачык мээлейлер
6217 10 000 0Кийимге даяр башка буюмдар
 6406 90 900 0дөнГетрлер, гамаштар жана ушуга окшош буюмдар
6504 00 000 0Ар кандай материалдан тилкелерди бириктирүү жолу менен өрүлгөн же даярдалган, ичтелген же ичтелмеси жок, жасалгалуу же жасалгасыз шляпалар жана башка баш кийимдер
6505 00Машинада же колго токулган трикотаж шляпалар жана башка баш кийимдер, же бир бөлүктөн (бирок тилкеден эмес) кружево, кийизден, фетрдан же башка текстилдик материалдан жасалган, ичтелген же ичтелмесиз, кыркылган же жасалгасыз; ар кандай материалдан жасалган, ичтелген же каптамасы жок, жасалгалуу же жасалгасыз чач үчүн торлор
6506 99Башка материалдардан жасалган, ичтелген же каптамасы жок, жасалгалуу же жасалгасыз башка баш кийимдер

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button