Дүйнө

Таиландда эс алууда жүргөн казак жигит келинчегин куткарам деп сууга чөгүп каза болду — ФОТО

Таиланддагы курорттордун биринде суудан алынып чыккан 24 жаштагы Артур Искаков каза болду. Бул тууралуу журналисттерге анын эжеси билдирди.

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги маалыматты тастыктады. 24 жаштагы казакстандык келинчеги менен эс алууга кеткен. Сууда сүзүп жатканда толкун көтөрүлүп, келинчеги чөгө баштаган. Артур жардамга барып, аны суудан алып чыккан, бирок өзү чөгүп кеткен.

Куткаруучулар аны алып чыгып, ооруканага жеткиришип, аппаратка кошушкан. Бирок сактап калуу мүмкүн болгон эмес.  Тышкы иштер министрлиги Артур Искаковду Казакстанга алып келүү жолдорун карап жатат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button