Саясат
Садыр Жапаров Кемпир-Абад боюнча «бузукулук кылгандарга» катуу эскертүү берди

Президенттин айткандары:
▪️Биз Каркыра, Төрт-Көчөнү берген чыккынчылардан эмеспиз
▪️Кемпир-Абаддын тегерегине чыгып алып бузукулук кылып жаткандар, эсиңер барда этегиңерди жыйгыла!
▪️Тартип сакчылары, элди козутабыз деп бузукулук кылып жаткандарга мыйзам чегинде катуу чараларды көргүлө. Эркелегендин дагы чеги болот. Чектен ашып кетишти
▪️Маалыматыбыз жок деп жалган сүйлөп, бозүй тигип жаткандар Өзгөн акимчилигине келгиле. Күнү-түнү дебей ар бир жаранга баарын түшүндүрүп беришет
▪️Жакын арада баары бүтөт. Ошондо чек ара маселеси 99 пайыз биздин пайдабызга чечилгенин билип, өзүңөр уят болуп каласыңар, туугандарым!



