Окуялар
Корумду чокусунда жоголгон альпинисттердин экөөсүнүн сөөгү табылды

Чоң-Алай районундагы Корумду чокусунда жоголгон альпинисттердин экөөсүнүн сөөгү табылды. Бул тууралуу издөө-куткаруу тобунун мүчөсү Александр Смирнов билдирди.
Анын айтымында, кечээ эртең менен тик учак беш альпинистти 4300 метр бийиктиктеги мөңгүгө жеткирген.
«Кечке маал топтун эки мүчөсүнүн сөөгү табылган, эми аларды төмөн түшүрүү иштери башталды. Үчүнчү альпинистти издөө уланууда», — деди Смирнов.
Максим Полянский, Николай Свиридов жана Сергей Рубцов 1-августта Корумдуга чыгып, кайтып келишкен эмес.
Альпинисттер эки жума бою дрон жана тик учак менен изделип, 16-августта болжолдуу жери аныкталган.



