Кыргызстан 9,3 миң тоннадан ашык кант экспорттоду

2026-жылы Кыргызстан 9 миң 357,3 тонна кант экспорттогон. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги билдирди.
Быйыл кант кызылчасы 11 миң 800 гектар жерге айдалган. Министрлик кант тармагын өнүктүрүү өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун бекемдөөгө, кайра иштетүүчү ишканалардын туруктуу иштешине жана ата мекендик продукциянын экспортун көбөйтүүгө шарт түзөрүн белгиледи.
Ведомство заманбап агротехнологияларды киргизүү, түшүмдүүлүктү жогорулатуу жана дыйкандар менен кайра иштетүүчүлөрдүн кызматташтыгын күчөтүү боюнча иштерди жүргүзүүдө.
Белгилей кетсек, 2025-жылы Кыргызстанда 68 миң тоннага жакын кант өндүрүлгөн. Бул 2024-жылга салыштырмалуу дээрлик эки эсе аз. Ал жылы кант өндүрүү рекорддук 120 миң тоннага жеткен.
Ошол эле учурда өлкөнүн кантка болгон жылдык керектөөсү болжол менен 155 миң тонна деп бааланат. Жетишпеген көлөм импорттун эсебинен толукталат.



