Коом

«Карамык» жана «Эркештам» көзөмөл-өткөрмө пункттарында фитосанитардык көзөмөл күчөтүлдү

Ош облустук өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин башкармалыгына караштуу «Карамык» жана «Эркештам» карантиндик фитосанитардык көзөмөл-өткөрмө пункттарында фитосанитардык көзөмөл күчөтүлдү.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен билдиришкендей, карантинге алынуучу продукцияларга жана жарандардын кол жүктөрүнө фитосанитардык көзөмөл өлкө аймагына карантиндик зыяндуу организмдердин кирип кетишине жол бербөө максатында күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүүдө.

«Текшерүүлөрдүн жүрүшүндө керектүү фитосанитардык сертификаттары жана документтери жок мөмө-жемиштер, жашылчалар, картошка, үрөн жана көчөт материалдары, ошондой эле башка өсүмдүк продукциялары аныкталууда», — деп белгилешти министрликтен.

Ведомствонун маалыматына караганда, белгиленген талаптарга жооп бербеген ар кандай көлөмдөгү жүктөр жана кол жүктөр кайра артка кайтарылууда.

Тектеш кабарлар

Back to top button