Коом
Дарыгерлер беш күндүк иш жумасын кайра кайтарууну суранышууда

Кыргызстандагы дарыгерлер жумуш графигин беш күндүк кылып өзгөртүүнү суранышууда. Бул тууралуу 25-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нилуфар Алимжанова билдирди.
Анын айтымында, ага кыргызстандык дарыгерлерден кайрылуу келип түшкөн. Алар иш жүгү өтө оор болуп жатканын айтып, Саламаттык сактоо министрлигинен жумуш графигин кайра карап чыгууну суранышкан.
«Дарыгерлер жумуш күндөрүнүн көбөйүшүнө тынчсызданып жатышат. Алар учурда алты күндүк графикке өткөрүлгөнүн, бирок ошол эле учурда күндүз да, түнкүсүн да нөөмөттө иштеп жатышканын айтышты. Алар нөөмөт системасын сактоо менен беш күндүк иш графигине кайтууну кароону суранышууда», — деди ал.



