Пайдалуу кеңештер

Ысыкта туура эмес сакталган дарылар ден соолукка олуттуу зыян келтириши мүмкүн

Жайкы ысыкта туура эмес сакталган дары-дармектер, айрыкча ампуладагы препараттар, адамдын ден соолугуна орду толгус зыян алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу фармацевт Ион Яланжи РИА Новостиге билдирди.

Адистин айтымында, жогорку температуранын таасиринен айрым дары-дармектер өз касиетин жоготуп, натыйжасыз же тескерисинче адам үчүн кооптуу болуп калышы мүмкүн. Көпчүлүк адамдар дарыны кантип туура сактоо керектиги көрсөтүлгөн нускаманы этибарга албайт. Ал эми температуранын кескин өзгөрүшү өтө олуттуу, атүгүл өмүргө коркунуч жараткан кесепеттерге алып келиши ыктымал.

Фармацевт өзгөчө ампуладагы дарыларга көңүл буруу керектигин белгиледи. Эгер суюктуктун өңү өзгөрсө же ичинде чөкмө пайда болсо, мындай препаратты колдонууга болбойт. Анын айтымында, ысыкта ампулалардагы суу бууланып, активдүү заттын концентрациясы жогорулап кетиши мүмкүн. Бул болсо дарынын ашыкча дозасына алып келүү коркунучун жаратат.

Ошондой эле майлар менен шамдар эрип кетиши мүмкүн, ал эми таблеткалар жана капсулалар өзүнүн дарылык касиетин жоготот.

Адис дары-дармектерди кургак, салкын, температурасы 25 градустан ашпаган жерде сактоону сунуштады. Мындан тышкары, жайдын ысык күндөрүндө дары салынган баштыкты унаада же күн астында калтырбоо керектигин эскертти.

Тектеш кабарлар

Back to top button