Коом

«Кыргызфармация» Mikron Medical компаниясынан омуртка импланттарын түз сатып алат

«Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасы Түркиянын Mikron Medical компаниясы менен өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду.

Тараптар Кыргызстандагы медициналык мекемелерди ортопедиялык жана омурткага арналган импланттар менен камсыздоо багытында кызматташууга макулдашты.

«Кыргызфармациянын» маалыматына караганда, өндүрүүчүлөр менен түз кызматташуу ортомчулардын санын азайтып, медициналык продукцияларды сатып алуу чыгымдарын төмөндөтүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Түркиялык компаниянын продукциясы 2027-жылга медициналык буюмдарды борборлоштурулган сатып алуунун алкагында каралат.

Mikron Makina San. ve Tic. Ltd. Şti. компаниясы 1982-жылы Анкара шаарында негизделген. Компания медициналык импланттарды иштеп чыгуу жана өндүрүү менен алектенет жана бул тармакта 40 жылдан ашуун тажрыйбасы бар.

Тектеш кабарлар

Back to top button