Окуялар

УКМКнын мурдагы төрага орун басары Уранбек Шадыбеков сентябрга чейин камакка алынды

Бишкектин Биринчи май райондук соту УКМКнын мурдагы төрага орун басары Уранбек Шадыбековду 2-сентябрга чейин камакка алуу чечимин чыгарды.

Ага Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 2-бөлүгү («Уюшкан топтун же кылмыштуу коомдоштуктун кызыкчылыгы үчүн жасалган же оор кесепеттерге алып келген коррупция») боюнча айып тагылган.

Шадыбеков бир күн мурда кармалган.
Уранбек Шадыбеков 2026-жылдын февраль айында атайын кызматтардагы кеңири кадрдык өзгөрүүлөрдөн кийин УКМК төрагасынын орун басары жана Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борбордун директору болуп дайындалган. Буга чейин ал улуттук коопсуздук органдарында эмгектенип келген.

Бирок 8-июнда президенттин жарлыгы менен ээлеген кызматынан бошотулган.

Тектеш кабарлар

Back to top button