Коом

ЖКККББнын ишеним номерине бир айда 6,4 миңден ашуун жаран кайрылды

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын ишеним номери ишке киргенден бери 6 миң 414 кайрылуу келип түшкөн.

Белгиленгендей, ЖКККББ ушул жылдын 21-майынан тартып жарандардын кайрылууларын түз кабыл алуу үчүн (0777) 102-102 ватсап номерин ишке киргизип, ыкчам жооп бериле баштаган.

Ошентип, жол эрежесине кайдыгер карабаган жарандардан көчөдөгү жол эрежелерин бузуу фактылары боюнча 6 миң 414 кайрылуу жөнөтүшкөн. Анын ичинен:

  • 2871 (44,7%) кайрылуу унааларын башкаларга тоскоолдук жаратып, туура эмес жерлерге токтотуп койгон учурлары;
  • 1384 (21,5%) кайрылуу каршы тилкелерге чыгуу жана ашып өтүү озуп өтүү же маневр жасоо эрежелерин бузган учурлары;
  • 1261 (19,6%) кайрылуу жол чырактын кызыл түсүнө баш ийбөө жана жөө жүргүнчүлөргө жол бошотуп бербеген айдоочулар тууралуу;
  • 898 (14%) кайрылуу жол эрежелеринин башка түрлөрүн бузган айдоочулар тууралу.

Жарандардын жөнөткөн сүрөт жана видеолору боюнча, жол эрежелерин бузган айдоочулардын көпчүлүгү Бишкек шаары жана Чүй облусунун аймагында катталууда.

«Ишеним номери аркылуу ЖКККББгы коомчулук менен тыгыз байланышта болуп, жол тыгындарынын жана жол кырсыктарынын алдын алууда натыйжалуулугун көрсөтүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button