Коом
Бишкекте 29-августтан 2-сентябрга чейин кайсы көчөлөр жабылат

Көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи жана ШКУнун саммитине байланыштуу борбордо негизги көчөлөр маал-маалы менен жабылып турат. Бул туурасында мэриядан билдиришти.
Алар төмөнкүлөр:
«Манас» аэропортунан шаарга чейинки жол;
Фучик көчөсү;
Чүй проспектиси;
Манас проспекти;
Айтматов проспекти;
Абдрахманов көчөсү;
Байтик баатыр көчөсү;
Масалиев проспекти;
Жайыл баатыр көчөсү.
Буга чейин аталган иш-чаралардан улам, шаардагы көпчүлүк базарлар, соода борборлору 2-3 күнгө жабылары айтылган. Чоң көчөлөрдүн боюндагы кафе, ресторандар да иштебей турганы айтылган.



