Коом

Орусиялык студенттер Кыргызстандагы мектептердин курулушуна көмөктөшөт

Омск облусунун студенттери Кыргызстанда Орусия куруп жаткан мектептердин курулушуна жардам беришет.

Маалыматка ылайык, Орусиянын студенттик курулуш отрядынын 10 мүчөсү эки ай бою Бишкектеги «Мостострой-11» компаниясынын курулуш объектилеринде эмгектенет.

Бул — Омск облусунун студенттик отряддарынын Кыргызстандагы алгачкы эмгек миссиясы. Ага Сибирь мамлекеттик автомобиль-жол университетинин студенттери катышууда. Алардын негизги милдети — Кыргызстан менен Орусиянын биргелешкен долбоорунун алкагында салынып жаткан жаңы мектептин курулушуна катышуу.

Эске салсак, жакынкы жылдары Орусия Кыргызстандын бардык аймактарында жалпысынан тогуз мектеп курууну пландап жатат.2023-жылдын 1-сентябрында Бишкек, Баткен жана Каракол шаарларында мектептердин курулушуна капсула салуу аземи өткөн. Курулуш иштери 2024-жылы башталган. План боюнча жыл сайын үчтөн окуу жайы курулат.

Тектеш кабарлар

Back to top button