Коом
Бишкекте оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө күчүндө

2026-жылдын 20-майынан 1-октябрына чейин абанын температурасы +28°C жана андан жогору болгон күндөрү саат 09:00дөн 19:00гө чейин жалпы салмагы 18 тоннадан ашкан жүк ташуучу унаалардын шаардык жолдордо жүрүүсүнө убактылуу чектөө киргизилет.
Чектөө жолдордун жабуусун сактоо жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында киргизилди.
Мэрия айдоочуларды жана транспорттук компанияларды каттамдарын алдын ала пландап, күндүн эң ысык маалында оор жүк ташуучу унаалардын жүрүшүн мүмкүн болушунча чектөөгө чакырды.



